Эрдоган Орусияга жөнөп кетти

Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушат.

1712116
Эрдоган Орусияга жөнөп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын Сочи шаарына жөнөп кетти.

Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушат. Күн тартибинде Сирия болот.

Эрдоган алгач Тел-Рифат жана Манбиждеги ПККнын бар болушуна көңүл буруп, Астана келишимдерине ылайык террористтердин бар болушун токтотууга басым жасайт.

Президент ошондой эле Орусия көзөмөлдөгөн аймактардан Түркияга каршы жасалган акыркы кол салууларга карата болгон ыңгайсыздыкты да билдирет жана кол салууларга бөгөт коюлушун суранат.

Идлиб жана Сириядан жаңы качкындар толкуну коркунучу да үстөл үстүндө боло турган жыйында, Ливия менен Ооганстан баш болгон учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер талкууланат. Мындан тышкары Түркия-Орусия карым-катнаштары каралат.

Президент Эрдоган менен Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Хакан Фидан, Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Сочиге жөнөп кетишти.



Тектеш кабарлар