Акар: «ПККга каршы күрөшүү боюнча Ирак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»

Хулуси Акар кечээ өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1711563
Акар: «ПККга каршы күрөшүү боюнча Ирак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, жикчил террордук уюм ПККга каршы Ирак менен биргелешкен операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин айтып: «Биргелешкен борбор түзүү сыяктуу темаларды Ирактын коргоо министри менен сүйлөшүп жатабыз»,-деди.

Хулуси Акар кечээ өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркиянын Ирак жана Сирия баш болгон бардык коңшуларынын чек ара коопсуздугун, эгемендик укуктарын урматтаарын белгилеген Акар, бир журналисттин: «Террордук уюмга каршы Ирак менен биргеликте операция жүргүзүү ыктымалдуулугу жана бул боюнча кандайдыр бир байланыш барбы?" деген суроосуна: «Байланыш бар. Биз (Ирактын) коргоо министри менен сүйлөшүп жатабыз»,-деди.

«Иракта уялаган террористтердин улутубузга балээ экенин, мамлекет катары улутубузду бул балээден куткарууга чечкиндүү экенибизди, биздин жалгыз бутабыз террористтер экенин ачык жана так айттык», - деген Акар: «Биз биргеликте эмне кыла аларыбызды талкуулап жатабыз, анын ичинде биргелешкен борбор түзүү да бар»,- деп билдирди.

Акар Сириянын түндүгүнө карай акыркы мезгилде көбөйгөн аба соккуларына байланыштуу: «Алар (орустар) бул чабуулдарды ал жердеги террордук топторго каршы жасадык деп айтышат. Бирок бул чабуулдардын натыйжасында өлтүрүлгөндөрдүн же качып кеткендердин арасында террористтер жок. Бир нече айдан бери муну түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Биз Орусия менен болгон келишимдин чегиндеги принциптерге баш ийебиз. Бул багытта жасалышы керек болгон нерселердин бардыгын жасадык. Экинчи тараптын да келишимдеги өз жоопкерчиликтерин алышын күтөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар