Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат
Бир күндө 341 миң 221 тест жасалып, 25 миң 861 кишиде вирус аныкталды.
1710708
Түркиянын коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөшү уланып жатат. Акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 228 деп белгиленди.
Бир күндө 341 миң 221 тест жасалып, 25 миң 861 кишиде вирус аныкталды.
Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны 24 миң 875 болду.
Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 107 миллион 850 миң 664кө жетти.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.