Санжар жаштарды "изилдөө жүргүзүүгө" чакырды

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар жаштар менен жолугушту.

1711016
Санжар жаштарды "изилдөө жүргүзүүгө" чакырды

Нобель сыйлыгына ээ болгон түрк илимпоз профессор доктор Азиз Санжар жаштарга адамзатка пайдалуу болушу үчүн изилдөө жүргүзүүнү сунуштады. 

Санжар 21-26-сентябрда Стамбул Ататүрк аэропортунда өткөрүлгөн өз тармагындагы дүйнөнүн эң чоң фестивалы TEKNOFESTтин алкагында Эл аралык терминалда түзүлгөн TEKNOFEST Take Off Istanbul Stage сахнасында жаштар менен жолугушту.

Катышуучулар Түркиянын Илимий -Технологиялык Изилдөө Кеңеши (ТУБИТАК) тарабынан уюштурулган "Проф. доктор Азиз Санжар жаштар менен жолугушууда" аттуу программага чоң кызыгуу көрсөтүшсө, Санжар кызыккан студенттердин суроолоруна чын дилинен жооп берди.

Нобель тууралуу суроого Санжар: «Нобелге ээ болуу жолуна барбаңыз. Бир нерсени ачуу үчүн адамзатка жана Түркияга пайдалуу боло турган изилдөөлөрдү жүргүзүңүз. Нобель мунун кошумча өнүмү»,-деди.

«Космосто жолуктура турган вирус же микроб дүйнөгө алып келингенде адамдар ага кандай реакция кылат деп ойлойсуз?» деген суроого Санжардын: «Мунун ыктымалдуулугу 10дон минус 19» деген жообун залдагылар кол чабуулар менен кубатташты.

«Этика илимий изилдөөлөргө тоскоолдук жаратпайбы?» деген суроого Санжар: «Биоэтика маанилүү. "Мен ойлоп табам" деп жаныбарларды кыйнай албайсыз. Нацисттер, Гитлер адамдарга эксперимент жасаган. Сиз адамдарга эксперимент жасай албайсыз. Адамдын эркиндиги, адамдын баалуулугу баарынан маанилүү»,- деп жооп берди.

Санжар 2015-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгын алган.



Тектеш кабарлар