Песков: «Путин менен Эрдогандын жолугушуусуна даярдыктар уланып жатат»

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1711118
Песков: «Путин менен Эрдогандын жолугушуусуна даярдыктар уланып жатат»

Орусиянын президенттик сарайынын (Кремлдин) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирия, Ооганстан жана Ливия маселелерин талкуулай тургандарын айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, 29-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлүшү пландалган Путин менен Эрдогандын жолугушуусуна даярдыктар уланып жатканын билдирди. Песков: «Эки лидердин дайыма сүйлөшө турган нерселери көп болот. Сирия жана албетте Ооганстан күн тартибинде биринчи орунда турат. Ливия жана берки эл аралык маселелер боюнча салттуу пикир алмашуу болот»,-деди.

Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштардын да карала турганын белгилеген Песков: «Эки тараптуу карым-катнаштар жагынан көптөгөн жалпы жагдайлар бар; экономика тармагында биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөө, соода жана экономикалык мамилелер»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар