Чавушоглунун Өзбекстан билдирүүсү

Чавушоглу Өзбекстандын тышкы иштер министри Камилов менен жолугушту.

1710753
Чавушоглунун Өзбекстан билдирүүсү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Ооганстан боюнча Өзбекстан менен иштеше турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду Стамбулда тосуп алышканын маалымдады. Камилов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн келген.

Түркиянын Ооганстан боюнча Өзбекстан менен иштешээрин белгилеген Чавушоглу, эки өлкөнүн Тандалган соода келишиминин негизинде соода көлөмүн көбөйтөөрүн жана коронавируска каршы эмдөө сертификаттарын эки тараптуу түрдө тааный тургандарын айтты.

Бир тараптан Чавушоглу Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпозу Азиз Санжардын, Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлер жыйынынын кечки сый тамагында ардактуу конок болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар