Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Казакстанга жөнөп кетти

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПа) 10 -Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Казакстанга аттанды.

1710575
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Казакстанга жөнөп кетти

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп Нур-Султан жана Түркстан шаарларын камтыган Казакстан сапарына аттанды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПа) 10 -Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропортунан Казакстанга аттанган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопту Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК Партия) төрагасынын орун басары жана Чанкырыдан эл өкүлү Мухаммед Эмин Акбашоглу, Түркия- Казакстан Парламенттер аралык достук тобунун төрагасы АК партиянын Шанлыурфадан депутаты Мехмет Али Жевхери, АК партиянын Кахраманмараш депутаты Имран Кылыч, Республикалык элдик партиясынын (CHP) Балыкесирден депутаты Фикрет Шахин, IYI партиясынын Кайсериден депутаты Дурсун Аташ жана Түркиянын мурдагы Ташкенттеги элчиси Мехмет Сюрейя Эр коштоп баратышат.



Тектеш кабарлар