Түркиянын Кабулдагы элчиси Талибандын жетекчилери менен жолугушту

Талибандын саясий бюросунун катчысы Мухаммед Наим Вардак твиттерден берген билдирүүсүндө, кечээ Ханефи менен Эргинайдын жолугушкандыгын жарыялады.

1710415
Түркиянын Кабулдагы элчиси Талибандын жетекчилери менен жолугушту

Түркиянын Кабулдагы элчиси Жихад Эргинай Талибан убактылуу өкмөтүнүн «Вице  - премьеринин өкүлү»  Абдусселам Ханефи жана «Энергетика жана суу министринин өкүлү» Абдуллатиф Мансур менен жолугушту.

Талибандын саясий бюросунун катчысы Мухаммед Наим Вардак твиттерден берген билдирүүсүндө, кечээ Ханефи менен Эргинайдын жолугушкандыгын жарыялады.

Маалыматта Ханефинин Түркиянын Афганистан менен достук карым  - катнаштарына басым жасагандыгы баса белгиленип, бул сөздөрүнө орун берилди : «Биз дос жана боордош эки элбиз. Карым  - катнаштарыбыз терең жана байыркы замандарга барып такалат. Диний жана маданий байланыштарыбыз бар.  Түркия менен дипломатиялык карым  - катнаштарыбызды өнүктүрүүнү каалайбыз. Афганистандын баарында коопсуздук түзүлдү. Түрк инвесторлорунун Афганистанда түрдүү тармактарда инвестиция салышын каалайбыз».

Ханефи Түркиянын саламаттыкты сактоо, билим берүү жана гуманитардык тармактарда кызматташууну улантуусун каалагандарын айтты.

Түркиянын Кабул элчилигине таандык твиттер эсебинен берилген маалыматта да Эргинайдын өзгөчө Талибандын «Энергетика жана суу министринин өкүлү» Абдуллатиф Мансур менен түшүмдүү сүйлөшүү өткөргөндүгү маалымдалды.

Маалыматта  : «Түрк фирмалары Афганистанга инвестиция салууну улантат. Алдыбыздагы мезгилде бул кызматташууну афган калкынын пайдасы үчүн жогорулатууну ойлоп жатабыз»,- деп билдирилди.

Энергетика жана суу министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Мансурдун Афганистан жана Түркиянын ортосундагы жакшы карым  - катнаштардын жана кызматташуунун улантылышы менен кеңейтилишине басым жасагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар