Президент Эрдоган Түрк тили майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган тилди өнүктүрүү жана коргоо үчүн түркчөнү колдонууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

1710416
Президент Эрдоган Түрк тили майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган 26 -  сентябрь Түрк тили майрамынан улам жарыялаган билдирүүсүндө дүйнөнүн саналуу тилдеринин арасында орун алган түрк тилинин улуттук рухтун пайда болушунда, улуттук күбөлүккө ээ болууда жана жашатылышында негизги элемент болуп келгендигин белгиледи.

Эрдоган билдирүүсүндө буларды белгиледи : «Тилибиздин байлыктарын кучактаган бир менталитет менен түрк тилибизге ээ чыгып, коргоо маанилүү. Жашап жаткан тилибизди өнүктүрүү жана коргоо үчүн түрк тилибиздин  колдонулушуна өзгөчө көңүл бурууну улантышыбыз керек. Технология ылдам өнүккөн, санариптешүү турмушубуздун ар бир тармагында жайылган бир дүйнөдө, тилибизди бардык оригиналдуулугу менен сактап калышыбыз керек. Түрк тилин өнөр, адабият, илим жана билим берүү тили катары колдонуу менен бирге тилибиздин байлыгын жана тереңдигин камтыган оозеки жана жазма чыгармаларды жаратуу, бай тил мурасыбызды жогорулатуунун маанилүү бир кадамы болот».

Президент Эрдоган түрк тилинин кооздугуна салым кошкон бардык сөз чеберлерин, калемгерлерди ыраазычылык менен эскерип, Түрк тили майрамынын түрк тилинин жаштылышы, келечектеги муундарга болгон оригиналдуулугу жана тереңдиги менен өткөрүлүшү үчүн себеп болушун каалады.  



Тектеш кабарлар