Президент Эрдоган ТЕКНОФЕСТ фестивалына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган ТЕКТОФЕСТти  келерки жылы эл аралык брендге айландырышарын айтты.

1710445
Президент Эрдоган ТЕКНОФЕСТ фестивалына катышты

Президент Режеп  Таййип Эрдоган ТЕКТОФЕСТти  келерки жылы эл аралык брендге айландырышарын айтты.

Эрдоган Ататүрк аэропортунда болуп жаткан, Түркиянын эң чоң технология иш -  чарасы болгон ТЕКНОФЕСТ Стамбул авиация, космостук жана технологиялык фестивалына катышты.

Эрдоган фестиваль болгон аянтта жубайы Эмине Эрдоган, Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпозу Азиз Санжар жана окуучулар менен бирдикте түрк коргоо өнөр жайынын сыймыгы болгон авиация унааларынын «Улуттук канаттарынын» аба көрсөтүүсүн көрдү.

Президент иш  - чарада сүйлөгөн сөзүндө  ТЕКНОФЕСТтин балдарды бир гана дүйнөнүн заманбап технологиялары менен эле тааныштырбагандыгын, алар менен бирге иштөөсүнө, улуттук сезимдерге да тарбиялай тургандыгын айтты.  

«ТЕКНОФЕСТтин жаш ойлоп табуучулары 2053 – 2071 -  жылдардагы Түркиянын  архитекторлору болот»,- деген Эрдоган : «Алдыбыздагы жылдан тарта TЕКНОФЕСТти эл аралык брендге айландырабыз. Эң башта Азербайжан жана башка дос, союздаш өлкөлөрдө да өткөрөбүз деди»,- деди.

Бүгүн ата мекендик жана улуттук технологиялардагы жетишкендиктер тууралуу сөз кылып жаткан болсок,  мында акыркы  19 жылда ташталган кадамдардын чоң үлүшү бар экенин баса белгилеген Эрдоган, жаштарга кайрылып : «Силер биздин эң кымбат байлыгыбыз болгон өлкөнүн эң чоң казынасысыңар. Силерге ишенебиз. Силерден Азиз Санжардын ийгилигин дагы да алдыга жылдырууңарды күтөбүз. Силер менен жол басып өтүүдөн сыймыктанам»,- деди.



Тектеш кабарлар