Мичотакис : "Түркия менен кызматташуу үчүн күчүмдү аябаймын"
Грециянын премьер - министри Кирякос Мичотакис Түркия менен климаттык кризис жана качкындар маселеси боюнча кызматташууга бара аларын билдирди.
Грециянын премьер - министри Кирякос Мичотакис Түркия менен кызматташуу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи.
БУУнун Башкы Ассамбелясынын 76 - сессиянын негизинде сөз сүйлөгөн Мичотакис Түркия менен Грециянын ортосунда бир жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан келишпестик тууралуу билдирди.
Мичотакис Грециянын Түркия менен диалог каналдарын ар дайым ачык кармоону каалагандыгын, 2020 - жылы эки өлкөнүн ортосунда болгон келишпестиктин кайталанышын каалашпагандарын айтты.
Түркия менен кызматташып, жаңы жалпы душмандар менен биргеликте күрөшө аларын айткан Мичотакис Түркия менен климаттык кризис жана качкындар маселеси боюнча кызматташууга бара аларын билдирди.
Мичотакис тарых жана географиянын эки өлкөнү бири бири менен байланыштыргандыгын айтып : «Түркия менен кызматташуу үчүн болгон күчүмдү аябаймын»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия НАТОнун Румыниядагы аба операциясына катышты
Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө маалымдалды.