АКШда Түркеви 27 - сентябрдан тарта кызмат бере баштайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган 20 -  сентбярь күнү Түркевинин ачылышын аткарган.

1710378
АКШда Түркеви 27 -  сентябрдан тарта кызмат бере баштайт

АКШнын Нью  -  Йорк шаарында ачылган Түркеви (Түрк үйү) имараты 27 -  сентябрь дүйшөмбү күндөн  тарта жарандарга консулдук кызматты бере баштайт.

Түркиянын Нью  -  Йорк башкы консулдугунун твиттер эсебинен берген маалыматында : «Консулдук кызматтарыбыз 27 -  сентябрь дүйшөмбү күндөн тарта Жаңы  Түркеви имаратыбызда бериле баштайт»,- деп билдирилди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 20 -  сентбярь күнү Түркевинин ачылышын аткарган.

БУУнун штаб  - квартирасынын маңдайында жайгашкан Түркеви имаратында Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү, Нью  -  Йорк  башкы консулдугу жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлчүлүгү жайгашкан.

 



Тектеш кабарлар