Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Бир күндө 356 миң 132 тест жасалып, 27 миң 844 кишиде вирус аныкталды.

1709874
Түркияда Covid-19га каршы күрөш уланып жатат

Түркиянын коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөшүндө акыркы 24 саатта каза болгон адамдардын саны 242 деп белгиленди.

Бир күндө 356 миң 132 тест жасалып, 27 миң 844 кишиде вирус аныкталды.

Акыркы 24 саатта айыккан кишилердин саны болсо 21 миң 267.

Түркияда ушул убакка дейре биринчи, экинчи жана үчүнчү доза вакцина алгандардын саны болсо 106 миллион 908 миң 799га жетти.


Этикеткалар: #вакцина , #Түркияда

Тектеш кабарлар