Түркия Орусияга көңүл айтты

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ Хабаровск аэропортунан 38 чакырым алыстыкта ​​АН-26 үлгүсүндөгү учак радардан жоголгонун кабарлаган.

1709968
Түркия Орусияга көңүл айтты

Түркия Орусиянын Хабаровск облусунда кулаган учактын экипажынын 6 мүчөсүнүн каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Хабаровск аймагында кулаган учактагы  экипаждын 6 мүчөсүнүн каза болушунун терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз орус элинин кайгысын тең бөлүшүп, кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана Орус өкмөтүнө көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ Хабаровск аэропортунан 38 чакырым алыстыкта ​​АН-26 үлгүсүндөгү учак радардан жоголгонун кабарлаган. Орус маалымат агенттиктери учакта болгон 6 экипаж мүчөсүнүн баарынын кырсыктан улам каза болгонун жарыялашкан.



Тектеш кабарлар