Түркия Грецияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги Твиттерден билдирүү жасады.

1710119
Түркия Грецияга каршылык көрсөттү

Түркия Грециянын Батыш Фракиядагы азчылык мектептердеги диний милдеттерди чектеген чечимине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Биз грек органдарын, Батыш Фракиядагы түрк азчылыктарынын башталгыч мектептеринин окуучулары менен мугалимдеринин диний милдеттерин аткаруусун чектеген бул чечимди жокко чыгарууга чакырабыз», деген сөздөр камтылды.

Грецияда Батыш Фракиядагы Түрк азчылыктары Консультативдик Кеңешинин Твиттер баракчасында жарыяланган билдирүүдө, Аймактык билим берүү башкармалыгы тарабынан 22-сентябрда Родопа провинциясындагы азчылыктардын мектептерине жиберилген жободо окуучулардын жума намазына баруусуна тоскоолдук кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар