Түркия менен Бангладеш рохинжа мусулмандарынын абалы боюнча жыйын өткөрүштү

БУУнун маалыматы боюнча, 2017-жылдын 25-августунан кийин Аракандан качып Бангладешке баш калкалаган 700 миңден ашуун качкын бар. Лагерлердеги качкындардын жарымы болсо балдар.

1709485
Түркия менен Бангладеш рохинжа мусулмандарынын абалы боюнча жыйын өткөрүштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу рохинжа мусулмандарын эч качан өз тагдырына таштабай тургандарын айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Түркия менен Бангладеш рохинжа мусулмандарынын абалы боюнча жогорку деңгээлдеги онлайн жыйын өткөрүштү.

Мевлүт Чавушоглу жыйындан кийин Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасап: «Рохинжалардын ыктыярдуу, коопсуз, татыктуу жана туруктуу кайтып келиши үчүн иш-аракеттер улантылышы керек. Биз рохинжа мусулмандарын эч качан өз тагдырына таштабайбыз»,- деди.

БУУнун маалыматына караганда, 2017-жылдын 25-августунан кийин Аракандан качып Бангладешке баш калкалаган 700 миңден ашуун качкын бар. Лагерлердеги качкындардын жарымы болсо балдар.

Эл аралык укук коргоо уюмдары, спутниктен тартылган көрүнүштөрдү жарыялап Аракандагы жүздөгөн айылдардын жок кылынгандыгын далилдешти.

Мьянма менен Бангладеш өкмөттөрүнүн ортосунда рохинжаларды өз жерлерине кайтаруу үчүн кол коюлган келишим иш жүзүндө иштебей эле, анткени жер которгондордун абалын документтештирүү мүмкүн эмес.

БУУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары рохинжаларга каршы зомбулукту "этникалык тазалоо" же "геноцид" деп аташууда.

Эл аралык маалымат каражаттарынын жана уюмдардын Аракан аймагына кирүүсүн катуу чектеген Мьянма өкмөтү, рохинжа мусулмандарынын кайтып келишине байланыштуу убадаларын да аткарган жок.

Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандар жана адам укугун коргоочу уюмдар, керектүү коопсуз шарттар камсыздалбастан бул кишилердин Мьянмага кайтуусу жаңы этникалык тазалоого алып келет деп кооптонушууда.



Тектеш кабарлар