Чавушоглу Нью-Йорктогу жолугушууларын улантууда

БУУнун 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью -Йорк шаарында болгон Чавушоглу дипломатиялык жолугушууларын улантууда.

1709857
Чавушоглу Нью-Йорктогу жолугушууларын улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес жана Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Шериктештигинин жогорку өкүлү Мигель Анхель Моратинос менен үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.

БУУнун 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью -Йорк шаарында болгон Чавушоглу дипломатиялык жолугушууларын улантууда.

Чавушоглу испан кесиптеши Альбарес жана БУУнун Цивилизациялар Шериктештигин жогорку өкүлү Моратинос менен болгон жолугушуусуна байланыштуу Твиттер эсебинен, «Биз ксенофобияга жана дискриминацияга каршы күрөшүүгө багытталганбыз»,деген билдирүү жасады.

Чавушоглу Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен да жолугушту.

Чавушоглу жолугушуу тууралуу, «Биз учурдагы глобалдык маселелерди, анын ичинде Ооганстан, Ливия, Сирия жана Африкадагы окуяларга баа бердик»,деген маалыматты берди.

Чавушоглу ирандык кесиптеши Хүсейин Эмир Абдуллахиян менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу жана аймактык темаларды да талкуулагандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар