Сириянын түндүгүндө 2 террорист таасирсиз кылынды, 3 ДЕАШ мүчөсү колго түшүрүлдү

Улуттук коргоо министрлигинин (MSB) билдирүүсүндө, Мехметчиктин (түрк аскери) чыккынчылык дымагы үчүн кол салууну пландап жаткан террористтерди таасирсиз кылуусун улантканы белгиленди.

1709131
Сириянын түндүгүндө 2 террорист таасирсиз кылынды, 3 ДЕАШ мүчөсү колго түшүрүлдү

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын мүчөлөрү болгон эки террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (MSB) билдирүүсүндө, Мехметчиктин (түрк аскери) чыккынчылык дымагы үчүн кол салууну пландап жаткан террористтерди таасирсиз кылуусун улантканы белгиленди.

Билдирүүдө, бири Сириянын «Тынчтык булагы» аймагында, экинчиси «Евфрат калканы» аймагында кол салууга даярданып жаткан 2 ПКК/ЙПГ террористинин таасирсиз кылынганы белгиленди.

Бир тараптан Хатайдын Рейханлы районундагы чек ара аскерлери Сириядан мыйзамсыз жолдор менен Түркияга кирүүгө аракет кылган 3 ДЕАШ мүчөсүн кармашты.

Улуттук коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, чек ара аскерлери Сириядан Түркияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 3 кишини кармаганы белгиленди.

Кармалган адамдардын ДЕАШ террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталды.



Тектеш кабарлар