Президент Эрдоган Нью-Йоркто лидерлер менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын Нью –Йорк шаарында кээ бир өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушту.

1708980
Президент Эрдоган Нью-Йоркто лидерлер менен жолугушту
garibasvili-erdogan.jpg
duda-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76 -Башкы Ассамблеясына кожоюндук кылган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью –Йорк шаарында кээ бир өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушту.

Эрдоган, Жаңы Түркеви имаратында массалык маалымат каражаттарына жабык болгон жолугушууларда Украинанын президенти Владимир Зеленский, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили, Гвинея-Бисау президенти Умаро Сиссоко Эмбало жана Польшанын президенти Анджей Дуда менен өз өзүнчө жолугушту.

Эрдоган буга чейин Хорватиянын президенти Зоран Миланович жана Словениянын президенти Борут Пахор менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар