Чавушоглу Блинкен менен жолугушту

Мевлүт Чавушоглу менен Энтони Блинкен Нью -Йорктогу мейманканада эки тараптуу жолугушуунун алдында кыскача билдирүү жасашты.

1708993
Чавушоглу Блинкен менен жолугушту

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью -Йорк шаарында болгон тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана АКШлык кесиптеши Энтони Блинкен Ооганстан боюнча тыгыз кызматташууну уланта тургандарын баса белгилешти.

Мевлүт Чавушоглу менен Энтони Блинкен Нью -Йорктогу мейманканада эки тараптуу жолугушуунун алдында кыскача билдирүү жасашты.

Блинкен менен көп жолу телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн белгилеген Чавушоглу: «Ооганстандагы жана көптөгөн тармактардагы эң сонун кызматташтыгыңыз үчүн чоң рахмат. Албетте, биз Ооганстан боюнча мындан ары да кызматташууну уланта беребиз, кызматташтыгыбызды улантабыз. Башка тармактарда да кызматташтыгыбызды улантабыз»,-деди.

Блинкен болсо Чавушоглу менен акыркы 9 айда көп жолу телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн баса белгилеп: «Биз бүгүн (кечээ) көп нерселерди сүйлөшөбүз, бирок биз Түркиянын Ооганстандагы күчтүү өнөктөштүгү үчүн абдан ыраазыбыз жана бул жерде кызматташууну уланта беребиз», - деп айтты.

Жолугушууда Сирия жана Кавказды да талкуулашарын белгилеген Блинкен, Түркия менен АКШны «күчтүү өнөктөштөр жана НАТОнун союздашы» катары сыпаттады.



Тектеш кабарлар