TEKNOFEST Стамбулда башталды

Бүгүн башталган фестиваль 26-сентябрга чейин уланат.

1708716
TEKNOFEST Стамбулда башталды
teknofest.jpg
teknofest.jpg
teknofest.jpg
teknofest.jpg

Түркиянын эң ири технологиялык иш-чарасы Авиация, Космос жана Технология Фестивалы (TEKNOFEST) Стамбул Ататүрк аэропортунда башталды.

Түркия технологиялар командасы фондунун (T3 Vakfı) Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана TEKNOFESTтин Башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар, фестивалдын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, TEKNOFESTтин төртүнчү жылында жаштар менен бирге болгондоруна абдан бактылуу экендиктерин билдирип: «Бүгүн дүйнөдөгү маанилүү медиа мекемелери түрк демилгелеринин ийгилиги жөнүндө айтып жатышат. Ийгиликтүү демилгелерибиз инвестициялардын негизинде чоң баалуулуктарга жетишүүдө. Болжол менен 20 жыл мурун гараждарда сиздей жаштар негиздеген компаниялар дүйнөдөгү эң күчтүү компанияларга айланды»,- деди.

Селчук Байрактар ​​TEKNOFESTтин адамдардын ортосундагы бир туугандык байланыштарды өнүктүрүүчү гигант платформа экенин баса белгилеп: «Түркиянын ар тарабынан келген жаштар бири-бири менен таанышып, жарышып өмүр бою улануучу достук мамилелерди түзүүдө»,-деп айтты.

Байрактар: «Биз Улуттук Технологиялык Кыймыл идеалынан жана Түркияны ар бир тармакта алдыңкы өлкөгө айлантуу максатыбыздан эч качан баш тартпайбыз. Бул жолдо токтоого болбойт. TEKNOFEST мекенибизге, улутубузга жана бардык аймактарга пайда алып келсин»,-деди.

Бүтүндөй коомчулукта технология жана илим тууралуу маалымдуулукту жогорулатууну, Түркиянын илим жана инженерия тармагында даярдалган адам ресурстарын көбөйтүүнү максат кылган TEKNOFEST, жаштарга келечектин технологиялары менен иштөөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн  ракетадан автономдуу системага, жасалма интеллекттен суу астындагы системаларга чейин 35 түрдүү категорияда Түркиянын тарыхындагы эң чоң сыйлыкка ээ болгон Технологиялык сынактар өткөрүлүүдө.

Бүгүн башталган фестиваль 26-сентябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар