Түркиядан Грециянын NAVTEX жарыясына каршы NAVTEX жарыяланды

Улуттук коргоо министрлигинин булактары Грециянын илимий изилдөө деген ат менен Түркиянын континенталдык текчесине карата провокациялык аракеттерин улантып жатканын белгиледи.

1708180
Түркиядан Грециянын NAVTEX жарыясына каршы NAVTEX жарыяланды

Грециянын Гирит (Крит) аралынын чыгышында иштей турган изилдөө кемеси үчүн NAVTEX (Кемелерди эскертүү) жарыялоосу түрк континенталдык текчесин камтыгандыгына байланыштуу, Түркия NAVTEX каршылыгын жарыялады.

Улуттук коргоо министрлигинин булактары, Грециянын илимий изилдөө деген ат менен Түркиянын континенталдык текчесине карата провокациялык аракеттерин улантып жатканын белгилеп: «Грециянын бул акыркы чагымчыл аракетине каршы керектүү чаралар көрүлдү жана ишке ашырылууда», - деди.

Грек басма сөзүндө «NauticalGeo изилдөө кемесинин Гирит чыгышындагы EastMed куурунун мүмкүн болгон маршрутун картага түшүрүү максаты менен жасай турган изилдөөлөрүнө  Түркиянын согуштук кемелери тоскоолдук кылды» деген дооматтар орун алган.

Улуттук коргоо министрлигинин булактары грек маалымат каражаттарында айтылган айыптоолорду негизсиз деп сыпатташты.

Греция тарабынан ​​«NauticalGeo изилдөө кемесинин 2021-жылдын 16-22-сентябрында Гирит чыгышында илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турганы» жөнүндө NAVTEXтин 16-сентябрда жарыяланганын билдирген булактар, «Талаа иликтенгенде, (иштердин) бир бөлүгү Түркиянын континенталдык текчесинде экени аныкталды. Эл аралык мыйзамдарга ылайык Түркия менен алдын ала координацияланбастан Түркиянын континенталдык текчесинде илимий изилдөө жүргүзөрүн жарыялаган Грециянын бул мыйзамсыз, чагымчыл жана экспансионисттик аракеттерине каршы, жарыяланган иштин бир бөлүгү Түркиянын континенталдык текчесинде болгондугун жана Түркиянын бийлиги менен макулдашылышы керектигин билдирген биздин каршылыгыбыз NAVTEX жарыялоо менен көрсөтүлдү»,делди.

Эл аралык укук континенталдык текчени өлкө бар болгондон тарта ээ болгон табигый укугу деп белгилейт жана бул үчүн Түркиянын эл аралык укукка болгон мамилесинин бир бөлүгү катары өзүнчө жарыялоонун да кереги жок экенин көрсөткөнүн аныктаган булактар, буга каршы Түркиянын эл аралык укукту жактаган мамилесинин бир бөлүгү катары Континенталдык текчесинин акыркы абалын 2020 -жылдын 18 -мартында  Бириккен Улуттар Уюмуна да айрыкча билдиргенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар