Шентоп ЕБнин иммиграция саясатын сынга алды

Испанияга сапарынын алдында Испаниянын EFE маалымат агенттигине берген маегинде Мустафа Шентоп, убадалар аткарылбаса жаңы иммигранттардын толкунунун алдын алуу мүмкүн эместигин белгиледи.

1707815
Шентоп ЕБнин иммиграция саясатын сынга алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп,"Европа Биримдиги (ЕБ) убадаларын аткарбаса жана керектүү гуманитардык демилгелерди көтөрбөсө, миграция толкунунун алдын алууга болбойт. Түркия башка иммигранттарды кабыл ала албайт. Ар ким өз жоопкерчилигин өз мойнуна алышы керек",деген  баасын берди.

Испанияга сапарынын алдында Испаниянын EFE маалымат агенттигине берген маегинде Мустафа Шентоп, ЕБ иммигранттар көйгөйүн бир гана финансылык жардам менен чече албастыгын түшүнүшү керектигин жана убадалар аткарылбаса жаңы иммигранттардын толкунунун алдын алуу мүмкүн эместигин белгиледи.

Шентоп Европа Биримдигинин иммиграция саясатын "жоопкерчиликсиз, акылга сыйбаган жана мыйзамсыз" деп баалады.

"ЕБ убадаларын аткарбаса жана керектүү гуманитардык демилгелерди көтөрмөйүнчө, миграция толкунунун алдын алууга болбойт. Түркия башка иммигранттарды кабыл ала албайт. Ар ким өз жоопкерчилигин өз мойнуна алышы керек",-деп айтты ал.

"ЕБ интеграциялык программа аркылуу жетиштүү иммигранттарды кабыл алышы керек. Бирок ал каржылык милдеттенмелерин да аткарбай келет",деп Шентоп өзүнүн сын -пикирин айтты жана ЕБ иммигранттар маселесин каржылоодон тышкары чечиши керектигин айтты.



Тектеш кабарлар