ПКК террористтери ынандыруу жолу менен багынышты
Бул тууралуу улуттук коргоо жана ички иштер министрлиги маалымат берди.
ПКК жикчил террордук уюмдун 5 террористти ынандыруу жолу менен багынды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта министрликтин координациясында жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин натыйжасында ПККдан качкан 5 террорист бүгүн коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгы билдирилди.
Багынган террористтердин 1999 - 2016 - жылдардын арасында террордук уюмга кошулгандыгы, Ирак жана Сирияда иш алып барышкандары маалымдалып, ынандыруу аракеттеринин акырында бул жылы багынган террор саны 151ге жеткендиги белгиленди.
Бир тараптан Ирактын түндүгүндө "Чеңгел - Чагылган" операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПККнын 3 террористи АТАК тик учары тарабынан жок кылынды. Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Баатыр түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирктын түндүгүндөгү террор уяларын жер менен жексен кылууну улантууда. "Чеңгел - Чагылган" операциясы аймагында аныкталган 3 террорист АТАК тик учарыбыз тарабынан жок кылынды",- деп билдирилди.
Сиирт облусунун Первари районунун Херкол тоосу аймагында кечээ жок кылынган 5 террористтин бирөөсүнүн да изделгендер тизмесинде орун алгандыгы белгиленди.
Жок кылынган терроиисттредин бөрөөсүнүн Херкол аймагынын жооптуусу экендиги жана Террордон изделгендер тизмесинде 1 миллион лирага чейин сыйлык менен кызгыт - сары категорияга киргизилген Кендал Жизир каймана аттуу Мазлум Мат экендиги аныкталды.