Чавушоглу БУУнун Башкы Ассамблеясында жолугушууларды өткөрүүдө

21-сентябрда баштала турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-Башкы Ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарына барган Чавушоглу дипломатиялык байланыштарын улантууда.

1708110
Чавушоглу БУУнун Башкы Ассамблеясында жолугушууларды өткөрүүдө

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кипр түрк элинин эгемен теңдиги жана эл аралык бирдей статусу мүмкүн болушунча тезирээк катталышы керектигин айтты.

21-сентябрда баштала турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-Башкы Ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарына барган Чавушоглу дипломатиялык байланыштарын улантууда.

Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Твиттер эсебинен маалымат бөлүшкөн Чавушоглу, «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйналыштарынын алдында менин сүйүктүү бир тууган агам, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен кеңештик. Кипр түрк элинин эгемендүүлүк жана эл аралык статусу мүмкүн болушунча тезирээк катталууга тийиш. Ийиндеш түрдө жолубузду улантабыз»,деп жазган.

Чавушоглу индонезиялык кесиптеши Ретно Марсуди менен да жолугушту.

Чавушоглу жолугушуу тууралуу, «Келерки айда өлкөбүздө коноктоло турган Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын чегинде жемиштүү жолугушуу өткөрдүк. Эки тараптуу карым -катнаштарыбызды бардык тармактарда дагы күчтөндүрөбүз. БУУда, Ислам Кызматташтык Уюмунда, D-8де жана МИКТАда Индонезия менен тыгыз кызматташтык бар»,деген баасын берди.

 



Тектеш кабарлар