Эрдоган: «Бүт адамзатка коркунуч туудурган чакырыктарга Түркиянын мамилесин билдиребиз»
Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) кетээр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун мамлекеттик конок үйүндө маалымат жыйын өткөрдү.
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын трибунасынан бүт адамзатка коркунуч туудурган чакырыктарга Түркиянын мамилесин билдире турганын айтты.
Президент Эрдоган Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) кетээр алдында Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун мамлекеттик конок үйүндө маалымат жыйын өткөрдү.
Өз сөзүндө Эрдоган быйылкы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы жаңы типтеги коронавирусту (Ковид-19) жеңүү, туруктуулукту калыбына келтирүү, адамдардын укуктарын урматтоо жана БУУну кайрадан жандандыруу үчүн туруктуулуктун үмүт аркылуу орнотулушу темасы менен өткөрүлөрүн баса белгилеп, «Биз башкы ролду ойногон ден- соолукка, климатка жана туруктуу өнүгүүгө байланыштуу маселелер күн тартибинде басымдуу орун алат. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү, шейшемби күнү, 21 -сентябрда, мен БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөйм. БУУнун күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикирибизди бөлүшөм. Мен Башкы Ассамблеянын трибунасынан бүткүл адамзатка коркунуч туудурган чакырыктарга мамилебизди билдирем»,деп айтты.
Иммигранттар темасында дүйнөгө билдирүү бере турганын баса белгилеген Эрдоган:«Менин сапарыма байланыштуу көптөгөн мамлекет жана өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушуулар болот. Түркия-Америка улуттук башкаруу комитети тарабынан уюштурулган «Fairer World is possible» программасына да катышам. Дүйшөмбү күнү Түрк үйү имаратыбызды мааниси бар азем менен ачабыз. БУУнун маңдайындагы биздин жерге курулган биздин имарат, улутубузга алып келген жаңы шедевр катары пайдаланууга берилет »,- деди.
АКШда кээ бир медиа өкүлдөрү менен жолугушууларды жана маектерди да өткөрөрүн билдирген Эрдоган: «Ошондой эле түрк жана америкалык бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөбүз. 11 -Түркия инвестиция конференциясына да катышам. Бул сапарыбыз өлкөбүз, улутубуз жана бүт адамзат үчүн пайдалуу жыйынтыктарга алып келишин каалайм »,-деп айтты.
Президент Эрдоган Грециянын премьер -министри Кирякос Мицотакистин билдирүүлөрүнө токтолуп: «Биз ташталышы керек болгон кадамдарды айланабыздагылардан көрүшүбүз керек. Эгерде андай болбосо керектүү чечимди кабыл алабыз жана ошого жараша кадамдарды жасайбыз. Түркия бул учурда эч кимдин эшигинин кулу эмес»,-деди.