Сербиянын президенти: "Түркия аймактагы күчтүү өлкө"

Александр Вучич Стамбулдагы Вахдеттин сарайында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолуккандан кийин Сербиянын расмий маалымат агенттиги Танжуга билдирүү жасады.

1707608
Сербиянын президенти: "Түркия аймактагы күчтүү өлкө"

Сербиянын президенти Александр Вучич Түркия менен достук мамилелердин Батыш Балкандагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн кошумча кепилдик берерин айтты.

Александр Вучич Стамбулдагы Вахдеттин сарайында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолуккандан кийин Сербиянын расмий маалымат агенттиги Танжуга билдирүү жасады.

Эки саатка жакын созулган жолугушуунун абдан жемиштүү болгонун белгилеген Вучич:"Түркия менен достук мамилелер Батыш Балкандагы тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн сакталышына кошумча кепилдик берет",- деди.

Вучич Эрдогандын жылдын аягына чейин Сербияга барарын айтып,"Биз экономика жана Сербиядагы түрк инвестицияларын талкууладык. Биз ошондой эле аймактык жана эки тараптуу кызматташтыкты талкууладык. Түркия аймактагы күчтүү өлкө",экендигин айтты.

Эки өлкөнүн чек араларынан эң оңой жана эң аз документтер менен өтүүнү да талкуулашканын белгилеген Вучич: "Бул биздин достук мамилелерибизди бир тепкичке көтөрөт. Тышкы соодабыздын көлөмү өткөн жылы 1,3 миллиард еврого жеткен. Биз абдан кыска убакыттын ичинде 2 миллиард еврого жетүүнү максат кылуудабыз",-деп айтты.

Вучич Түркия менен карым - катнаштардын 20 жыл мурдагыга караганда жакшыраак экенин жана алда канча жакшы болушу мүмкүн экенин айтып, Сербиянын көптөгөн шаарларында иштеген түрк фирмаларынын болушунун өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Эрдогандын Белград Приштина диалог процессин колдогонун белгилеген Вучич: "Эрдоган да компромисттик чечимди колдойт. Эрдоган менен болгон жолугушууларым ар дайым абдан жемиштүү болот. Бүгүн дагы мен абдан ыраазы болуп кетүүдөмүн",-деди.



Тектеш кабарлар