5-TRT World Forum 19-20-октябрда онлайн режиминде өтөт

Бул тууралуу Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) билдирүүсүн жарыялады.

1706054
5-TRT World Forum 19-20-октябрда онлайн режиминде өтөт

5-жылдыгын белгилеп жаткан TRT World Forum 19-20-октябрда онлайн режиминде «Күч жана парадокс: 21-кылымда Улуу стратегияны түшүнүү» темасында өтөт.

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) билдирүүсүнө караганда, 2017-жылдан бери дүйнөнүн маанилүү глобалдык көйгөйлөрүнө чечим табуу максатында уюштурулган TRT World Forum, бул жылы да бүткүл дүйнөдөн академиктерди, өкмөттүк эмес уюмдарды, интеллектуалдарды, саясатчыларды, адистерди жана басма сөз өкүлдөрүн чогултат.

Форумда өз тармагынын эксперттери болгон дүйнөлүк атактуу ысымдар акыркы жылдардагы көрүнүктүү саясий жана социалдык темаларды жана көйгөйлөрдү 16 сессияда талкуулашат.

Гуманитардык кризистер, эл аралык коопсуздук саясаты, бийликтин чектери жана глобалдык адилеттүүлүк талаштары сыяктуу темаларда өткөрүлө турган панелдер менен бүткүл адамзатка тиешелүү болгон маселелер каралат.

Бул арада талибдер Ооганстанды алгандан кийин TRT World форумга «Талибандын кайтып келиши: каталар жана үйрөнүлө турган сабактар» сессиясы кошулду.

Бул жаатта эксперттер сүйлөй турган сессияда Ооганстандын учурдагы абалы кеңири талкууланат. 5. TRT World Forumга катталуу https://www.trtworldforum.com/trt-world-forum-2021/ дарегинен жүргүзүлүшү мүмкүн.



Тектеш кабарлар