Стамбул аэропорту 8 айда 20 миллион 972 миң 497 жүргүнчүнү тейледи
Стамбул аэропортунда 8 айлык мезгилде жалпы 163 миң 635 рейс аткарылды.
1704703
Стамбул аэропортун ушул жылдын январь-август мезгилинде 20 миллион 972 миң 497 жүргүнчү колдонду.
İGAнын (İstanbul Grand Airport) билдирүүсүнө караганда, Стамбул аэропортунда январь жана август айларын камтыган 8 айлык мезгилде 47 миң 538 ички жана 116 миң 97 эл аралык жалпы 163 миң 635 рейс аткарылды.
Жүргүнчүлөрдүн санында болсо бул мезгилде аэропортту ички каттамдарда 6 миллион 291 миң 783, тышкы каттамдарда 14 миллион 680 миң 714 жалпы 20 миллион 972 миң 497 жүргүнчү колдонду.