Акар: «Мен биздин асыл улутубузду терроризм балээсинен куткарабыз деп үмүттөнөм»

Президенттик кабинеттин кечээ өткөрүлгөн жыйынынан кийин Акар күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

1704064
Акар: «Мен биздин асыл улутубузду терроризм балээсинен куткарабыз деп үмүттөнөм»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Биздин операциялар күчтөнгөн жана ылдам чабуул коюучу рух менен уланууда. Мен биздин асыл улутубузду терроризм балээсинен куткарабыз деп үмүттөнөм», - деди.

Президенттик кабинеттин кечээ өткөрүлгөн жыйынынан кийин Акар күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Акыркы мезгилде терроризмге каршы күрөштө ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциялар тууралуу суроого Акар, өлкөдө жана чек арадан тышкаркы жерлерде террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканын айтты.

23-апрелде башталган жана Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Авашин-Басян аймактарында бир убакта жүргүзүлгөн Чеңгел-Шимшек жана Чеңгел-Чагылган операцияларынын уланып жатканын белгилеп, «Биздин операциялар күчтөнгөн жана ылдам чабуул коюучу рух менен уланууда. Мен биздин асыл улутубузду терроризм балээсинен куткарабыз деп үмүттөнөм. Биз ушуга умтулабыз. Террордук уюмдун лидерлери деп аталган, жогору жактагылар , алардын аягы эмне менен бүтөрүн абдан жакшы түшүнүштү. Төмөнкү жактагылар адилеттүүлүккө багынуудан башка арга жок экенин көрүшү керек»,-деди.

Жакында жасалган «чекит операцияларын» эске салган Акар: «Терроризмди анын булагынан жок кылуу стратегиябыз жана чекиттик операцияларыбыз уланат»,- деди.

Акар ошондой эле Түрк куралдуу күчтөрүнүн террордук коркунучка каршы бардык операцияларды, бардык коңшуларынын, айрыкча Ирактын чек араларын жана аймактык бүтүндүгүн урматтап, эл аралык мыйзамдарга ылайык, коргонуу укугунун чегинде аймактагы террордук элементтерди гана бутага алып аткарганын баса белгиледи.

Ооганстандын борбору Кабулдагы аэропорттун кайра иштеши тууралуу суроого Акар, өлкөдөгү окуяларды жакындан байкап тургандарын айтты.

Ооганстанда жардамга муктаж болгон миллиондогон адамдарга, анын ичинде балдарга, аялдарга жана карыларга көңүл бурган Акар: «Биз шарттар позитивдүү түрдө өнүгөт деп үмүттөнөбүз. Биз НАТОнун алкагындагы мурунку ишибизде союздаштарыбызга « Ооганстан кааласа биз алардын жанында болобуз» дегенбиз. Баары жакшы болот деп үмүттөнөбүз. Биз окуяларды кылдат байкообузду улантабыз»,-деп айтты.

 «Жаңы жетекчилик менен диалог барбы?» деген суроого, «Биздин Тышкы иштер министрлиги, Улуттук Коргоо министрлиги жана Улуттук чалгындоо уюму координациялык түрдө ишин улантууда. Биздин элчи Кабулда ишин улантууда. Биз окуяларды жакындан байкап турабыз», - деп жооп берди ал.



Тектеш кабарлар