Сивас Курултайынын 102 жылдыгы белгиленип жатат

Аземге Сивастын губернатору Салих Айхан, Түрк тарых коомунун башчысы Бирол Четин, Сивас эл өкүлдөрү жана башка протокол мүчөлөрү катышты.

1702432
Сивас Курултайынын 102 жылдыгы белгиленип жатат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, (Түркия Республикасынын пайдубалы түптөлгөн) Сивас Курултайынын 102 жылдыгынын алкагында (Сиваста) Ататүрк эстелигине гүлчамбар койду.

Шентоп жана аны коштогондор, Республика аянтындагы аземде Мамлекеттик Гимнди аткарышты.

Аземге Сивастын губернатору Салих Айхан, Түрк тарых коомунун башчысы Бирол Четин, Сивас эл өкүлдөрү жана башка протокол мүчөлөрү катышты.

Гүлчамбар коюу аземинен кийин Шентоп жана аны коштогондор Сивас Курултайын чагылдырган иш-чара үчүн Ататүрк жана Конгресс музейине барышты.

Шентоп тарыхый залдагы отургучта отуруп, актерлордун чагылдыруусун көрдү.

Андан соң Шентоп (Түркия Республикасынын негиздөөчүсү) Мустафа Кемал Ататүрктүн ролун аткарган Сивас мамлекеттик театрынын артисти Абдүлсамет Сүнбүлдү жана берки оюнчуларды куттуктады.

Шентоп жана аны коштогондор андан кийин Сивас курултайы өткөрүлгөн Ататүрк жана Конгресс музейинин балконунда фотосүрөткө түшүштү.

Түрк аба күчтөрүнө таандык үч F-16 учагы да Сивас Курултайынын 102 жылдыгына карата шаардын асманда учту.



Тектеш кабарлар