Казына жана каржы министри Өзбекстандын каржы министри менен сүйлөштү

Бул тууралуу каржы министри Лүтфи Элван өзү соцтармактан маалымат берди.

1702502
Казына жана каржы министри Өзбекстандын каржы министри менен сүйлөштү

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван Өзбекстандын каржы министри Тимур Ишметов менен жолугушту.  Элван сүйлөшүү тууралуу соцтармактан маалымат берип : "Өзбекстандын каржы министри урматтуу Тимур Ишметов менен Ташкентте жолугуштук. Эки өлкөнүн ортосундагы финансылык  кызматташуу тармактарын карап чыккан түшүмдүү жыйын өткөрдүк. Жакын кызыгуу көрсөткөн кесиптешиме ыракмат айтам",- деди. 

Элван кечээ Ташкентте Ислам Өнүгүү Банкынын төрагасы Мухаммед Сулайман Ал Жассер жана Өзбекстандын вице  - премьер  - министри, инвестиция жана соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. 

 



Тектеш кабарлар