Чанаккале жээгинен 59 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Мигранттар текшерүүдөн өткөндөн кийин Айважыктагы чет өлкөлүктөрдү кайра жөнөтүү борборуна жеткирилди.

1702329
Чанаккале жээгинен 59 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Чанаккаленин Бозжаада районунун жээгинде парустук кемедеги 59 мыйзамсыз мигрант куткарылып жээкке чыгарылды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин топтору, парустук кемеде жардам сураган мыйзамсыз мигранттардын бар экенин аныкташты.

Аймакка барган топтор ар кайсы өлкөдөн 59 мыйзамсыз мигрантты куткарышты.

Гейикли паром портунан жээкке чыгарылган мигранттар текшерүүдөн өткөндөн кийин Айважыктагы чет өлкөлүктөрдү кайра жөнөтүү борборуна жеткирилди.


Этикеткалар: #Жээк коопсуздугу

Тектеш кабарлар