Эрдоган "Мугалимдерди дайындоо аземине" катышты

Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборунда "2021-жылга Мугалимдерди дайындоо аземине" катышты.

1701958
Эрдоган "Мугалимдерди дайындоо аземине" катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз Түркияны бардык тармактардагыдай эле билим берүүдө да инфраструктуралык кемчиликтерин чоң өлчөмдө жойгон өлкөгө айландырдык»,-деди.

Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборунда "2021-жылга Мугалимдерди дайындоо аземине" катышты.

Президент: «Биз билим берүүнү биринчи орунга коёбуз. Европада мугалимдердин дээрлик жарымы жумушунда стресске кабылат, ал эми Түркияда бул көрсөткүч 20 пайыздын тегерегинде. Түркиядагы мугалимдер стрессти эң аз сезген мугалимдердин башында турат»,-деп айтты.

Эрдоган сөзүн мындай улантты: «Заманабыз талап кылган ар кандай билим жана жөндөмдөр менен жабдылган өзүбүздүн адам күчүбүздү экономиканын, коомдун жана демократиянын локомотиви катары эсептейбиз»-деди.



Тектеш кабарлар