Эрдоган:«Түрк экономикасы дүйнөдө эң ылдам өскөн экинчи экономика болду»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Жандармерия жана Жээк коопсуздук академиясы башкармалыгынын офицер жана кенже лейтенант курсанттарынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

1701061
Эрдоган:«Түрк экономикасы дүйнөдө эң ылдам өскөн экинчи экономика болду»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жылдын экинчи чейрегинде 21,7 пайыз менен дүйнөнүн экинчи эң ылдам өскөн экономикасы экенин айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Жандармерия жана Жээк коопсуздук академиясы башкармалыгынын офицер жана кенже лейтенант курсанттарынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө улуттук куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттар (S/İHA) менен күчтөнүү менен жолун улантышкандарын баса белгилеген Эрдоган: «Эми биз коргонуу өнөр жайыбыздын жергиликтүү деңгээлин 20 пайыздан 80 пайызга көтөрдүк. Биз учкучсуз башкаруучу аппараттар менен дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирдик »,-деди.

Өлкөдө жана чет өлкөдө жүргүзүлгөн операциялар менен жикчил террордук уюм ПККны кыймылдагыс кылышканын билдирген Эрдоган: «Биз террористтерди уясынан таап, аларды жок кылуудабыз. Террордук уюмга катышууну эң төмөнкү деңгээлге түшүрдүк. Бир туугандарыбыз менен бирге Карабахта жана Ливияда көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Биз эзилгендерди кучактап, кандай улуу мамлекет экенибизди бүт дүйнөгө көрсөттүк »,-деп айтты.

Бүгүн жарыяланган экинчи чейректин өсүү көрсөткүчүнүн дагы бир жолу түрк экономикасынын динамизмин, өндүрүш кубаттуулугун жана ийкемдүүлүгүн далилдегенин айткан Эрдоган: «Түркия жылдын экинчи чейрегинде 21,7 пайыз менен дүйнөнүн экинчи эң ылдам өскөн экономикасы болду»,- деди.

Эрдоган Түркияны инвестиция, өндүрүш жана экспорттун борборуна айлантууга чечкиндүү экендиктерин кошумчалады.



Тектеш кабарлар