Чавушоглу: «Афгандардын белгилүү убакытка чейин биздин өлкөдө калуусу мүмкүн эмес»

Мевлүт Чавушоглу Түркияда иш сапары менен жүргөн Нидерландиянын тышкы иштер министри Сигрид Кааг менен борбор шаар Анкарада жолугушту.

1701583
Чавушоглу: «Афгандардын белгилүү убакытка чейин биздин өлкөдө калуусу мүмкүн эмес»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Кандайдыр бир өлкө тарабынан эвакуациялана турган афгандардын биздин өлкөдө белгилүү убакытка чейин калуусу мүмкүн эмес, биз мындай сунушту кабыл албайбыз деп башынан эле айтып келебиз», - деди.

Мевлүт Чавушоглу Түркияда иш сапары менен жүргөн Нидерландиянын тышкы иштер министри Сигрид Кааг менен борбор шаар Анкарада жолугушту.

Жолугушуудан кийин Чавушоглу менен Кааг  биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Чавушоглу өз сөзүндө Афганистандагы Кабул аэропортунун ишине токтолуп: «Таштала турчу кадамдар чогуу координацияланышы керек. Бул бир эле Түркиянын же Катардын маселеси эмес. Чечим эки баскычтуу болушу мүмкүн, бирөө аскердик учуулар үчүн. Учуу тилкелериндеги көйгөйдү жоюу менен аскердик учактарды эвакуациялоо үчүн колдонсо болот. Ушундайча аэропорттогу абалды текшерүүгө болот. "Жоопкерчиликти кимдер өзүнө алат? Бул маселе боюнча шарттар өзгөрдү. Талибан жана кээ бир өлкөлөрдөн да биз менен кызматташууга өтүнүчтөр бар. Биз буларды карап жатабыз»,- деди.

Аэропорттогу коопсуздуктун баары ишене ала тургандай түрдө түзүлүшү керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Биз муну талибдерге билдирдик. Өзгөчө аэропорттун ичинде коопсуздукту орнотуу керек. Бул боюнча адистешкен компаниялар да бар. Ал жерде сактык чаралары көрүлүшү керек»,-деп айтты.

Түркия менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосунда (2016) качкындар келишимине байланыштуу Брюссель менен Анкаранын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 3 миллиард евролук жаңы сунуш бар. Түркия бул сунушка кызыкдарбы? деген суроого Чавушоглу мындай деди:

«Афгандар боюнча биз акча берип жатабыз, аларды кармап тургула сыяктуу кырдаал болсо, анда бул кызматташуу мүмкүн эмес. Биз көптөгөн маселелерди камтыган келишимди жаңыртышыбыз керек болот»,-деди.



Тектеш кабарлар