Мевлүт Чавушоглу : "ПККнын Иракта болушун кабыл албайбыз"

Министр Чавушоглу Багдат кызматташуусу жана өнөктөштүк конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Ирактын туруктуулугу үчүн бул өлкөгө жардамды улантышарын белгиледи.

1698955
Мевлүт Чавушоглу : "ПККнын Иракта болушун кабыл албайбыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ПКК жикчил террордук уюмдун Иракта болушу кабыл алынбай тургандыгын айтып, бул террордук уюм менен күрөштө Ирак мамлекетине бардык жардамды бергенге даяр экендерин айтты.

Министр Чавушоглу Багдат кызматташуусу жана өнөктөштүк конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Ирактын туруктуулугу үчүн бул өлкөгө жардамды улантышарын белгиледи.

Аймактын жана Ирактын келечегинде терроризмдин эч качан орду болбой тургандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «ДЕАШ, ПКК, ЙПГ жана Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдар менен бир убакта күрөшкөн бир өлкө катары террордун караңгы жүзүн мыкты билебиз. ДЕАШ, ПКК жана ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар аймактык коопсуздукка коркунуч келтирүүдө. Дагы бир жолу баса белгилегим келет, бардык  дос жана коңшу өлкөлөрдүн  террордук уюмга каршы күрөшүбүзгө колдоо беришин күтөбүз. Ирактын стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурган жана эгемендүүлүгүн бузган бул террордук уюмга каршы күрөштө Ирак мамлекетине ар кандай колдоо көрсөтүүгө даярбыз », - деди.



Тектеш кабарлар