Эрдоган: «Түркия Сириядан же Ооганстандан келип чыккан кошумча миграция жүгүн көтөрө албайт»

Президент Эрдоган Битлистин Ахлат районундагы кечки тамактануу программасында элчилер менен сүйлөштү.

1697312
Эрдоган: «Түркия Сириядан же Ооганстандан келип чыккан кошумча миграция жүгүн көтөрө албайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, учурда 5 миллиондон ашуун ар кандай статустагы башпаанек издегендерди кабыл алган Түркиянын Сирия же Ооганстандан келип чыккан кошумча миграция жүгүн көтөрө албастыгын айтты.

Президент Эрдоган Битлистин Ахлат районундагы кечки тамактануу программасында элчилер менен сүйлөштү.

 «Азырынча биз талибдердин лидерлеринин билдирүүлөрүнө этият оптимизм менен кароодобуз»,деп айткан Эрдоган: «Ооганстанда кийинки процесс кандай калыптанарын Талибандын сөздөрү эмес, алардын аракеттери жана таштаган кадамдары аныктайт»,-деди.

Эрдоган сөзүн мындай улантты: «Учурда 5 миллиондон ашуун ар кандай статустагы башпаанек издегендерди кабыл алган Түркия, Сириядан же Ооганстандан келип чыккан миграциянын кошумча жүгүн көтөрө албайт. Ооганстандын турукташуусу маанилүү. Түркия Ооганстандын бардык тараптары менен тыгыз диалогду улантат».



Тектеш кабарлар