Эрдоган: «Мусулмандар эми өздөрүнүн тынчтыгы жана бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликти алышы керек»

Эрдоган Стамбулда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Жаштар Форумунун 4 -Башкы Ассамблеясына видео кайрылуу жөнөттү.

1696914
Эрдоган: «Мусулмандар эми өздөрүнүн тынчтыгы жана бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликти алышы керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мусулмандар эми өздөрүнүн тынчтыгы жана бакубаттуулугу үчүн, ошондой эле бардык адамдардын коопсуздугу жана келечеги үчүн жоопкерчиликти алышы керектигин айтты.

Эрдоган Стамбулда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Жаштар Форумунун 4 -Башкы Ассамблеясына видео кайрылуу жөнөттү.

Дүйнөлүк күн тартибин дайыма ээлеп турган коопсуздук көйгөйлөрү, террордук кыймылдар жана эпидемиялардын, эңсеген тынчтыктын толук ишке ашышына жол бербей жатканын белгилеген Эрдоган, бүт адамзатка коркунуч туудурган бул көйгөйлөр, тилекке каршы, Ислам аймагында терең издерди калтырганын айтты.

Эрдоган: «Сириядан Ооганстанга чейинки кеңири географияда конфликт, миграция, жакырчылык жана оорулар менен күрөшүп жаткан мусулмандар, өзгөчө батыш коомунда күч алган исламофобия жана расизм менен күрөшүүгө мажбур болушту», - деди.

Бир тарапта ачарчылык, согуш жана жакырчылык, экинчи жагынан байлык жана эксплуатация болгон бул адилетсиз тартиптин дагы көпкө улантылышы мүмкүн эместигин баса белгилеген Эрдоган: «Эми мусулмандар өздөрүнүн тынчтыгы жана бакубаттуулугу үчүн, ошондой эле бардык адамдардын коопсуздугу жана келечеги үчүн жоопкерчиликти алып, күбө болгон адилетсиздикке каршы үнүн бийигирээк көтөрүшү керек. /../ Мусулманга жарашкыдай акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук менен иш-аракет кылып империалисттердин бизди түшүргүсү келген тузактарга түшпөшүбүз керек./.../ Өзүбүздүн жана эзилгендердин атынан жүргүзгөн укук жана адилеттүүлүк күрөшүндө, терроризм менен алектенбешибиз, зордук -зомбулук көрсөтпөшүбүз жана мыйзам менен мыйзамдуулуктан эч убакта чегинбешибиз керек»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар