Түркия Нигериядагы кол салууну айыптады

Түркия Нигерияда ажылык ибадатынан кайткандардын конвоюуна жасалган кол салууну катуу айыптады.

1691973
Түркия Нигериядагы кол салууну айыптады

Түркия Нигерияда ажылык ибадатынан кайткандардын конвоюуна жасалган кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нигериянын Плато штатында 14 -  августта ажылык ибадатынан кайткандардын конвоюна жасалган кол салууда  ондогон адамдын каза болгондугу жана бир нече адамдын жаракат алгандыгы билдирилди.  

Маалыматта : «Бул коркунучтуу террордук кыймылды катуу айыптап, каза болгондор үчүн Аллахтын ырайымын, жаракат алгандардын бат айыгып кетишин тилейбиз, каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө жана дос, боордош Нигерия калкы менен өкмөтүнө көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

Нигериянын Плато штатында 14 -  августта жүргүнчү автобусуна жасалган куралдуу кол салууда 22 адам каза болуп, 14 адам жаракат алган.

 



Тектеш кабарлар