Ливанда жаракат алган 3 адам Түркияга алып келинди

Аккар аймагындагы бир күйүүчү май танкеринде чыккан жарылуудан кийин Ливан мекемелеринин талабы боюнча аракетке өткөн биринчи өлкө Түркия болду.

1692027
Ливанда жаракат алган 3 адам Түркияга алып келинди

Ливанда 28 адам каза болгон, 79 адам жаракат алган күйүүчү май танкериндеги жарылууда жаракат алгандардын үчөөсү Түркияга алып келинди.

Аккар аймагындагы бир күйүүчү май танкеринде чыккан жарылуудан кийин Ливан мекемелеринин талабы боюнча аракетке өткөн биринчи өлкө Түркия болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбор шаар Бейрутка жиберген бир тез жардам учагы жарылууда оор жаракат алган үч ливиялыкты Түркияга алып келди.

Жаралуулар борбор шаар Анкарадагы оорукана шаарчасында дарыланууда.

Ливандын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 4 жаралуунун Түркияга жиберилиши пландалгандыгын бирок аэропортто жаракат алгандардын бирөөсүнүн абалынын начарлашы менен кайрадан ооруканага жиберилгендиги маалымдалды.

Ливандын саламаттыкты сактоо министри Хамад Хасан жана мурдагы премьер-министр Саад ал-Харири жардыруудан жаракат алгандардын айрымдарынын дарылануусу үчүн тез жардам учагын жөнөткөн Түркияга ыраазычылык билдиришти.

Министр Хасан, ливандык жаралууларды алып кетүү үчүн Түркиядан барган учакта күйүктү дарылоодо колдонулган дары - дармектер жана медициналык каражаттардын бар экендигин белгиледи. Хасан жарылууда жаракат алгандар үчүн Кувейт, Иордания, Катар жана башка айрым өлкөлөрдүн да жардам  талаптарын кабыл алгандарын белгиледи.

Мурунку премьер  - министр Харири болсо жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Аккардагы жарылуудан кийин жардам талабына ылдамдык менен жооп берген Түркияга ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар