Бабда террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Баб районунда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын ракеталык кол салууларында 17 адам жаракат алды.

1686659
Бабда террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Баб районунда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын ракеталык кол салууларында 17 адам жаракат алды.

ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм «Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Баб районунун борборуна 5 минуталык аралыктар менен 10дон ашуун ракеталык кол салды.

Жарандар көп жашаган аймактарга жасалган кол салууларда алгачкы белгилөөлөргө караганда 17 адам жаракат алды. «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймактагы ЙПГ/ПКК басып алган аянттарда болгон бул кол салуулардан улам райондо бир топ жерде материалдык чыгым болду. Жарандар жашаган үйлөрдө өрт чыгып, өрткө Баб райондук борборундагы Жарандык коргонуу топтору кийлигишти. Каза болгондор жана жаралуулардын санында көбөйүүнүн болушунан тынчсыздануулар болууда.

Террордук уюм ЙПГ/ПККнын бир жарандык унаа жана тез жардам унаасына жасаган кол салууларында да 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.

Түрк куралдуу күчтөрү кол салууга жооп катары Бабдын түштүк- батышындагы ЙПГ/ПККнын позицияларын пушкалар менен бутага алды.

Сириянын түндүгүндөгү Баб району түрк куралдуу күчтөрүнүн 2017 -жылы февраль айында «Евфрат калканы» операциясынын негизинде ДЕАШ террордук уюмдан тазаланган.



Тектеш кабарлар