Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп Иранда Реиси менен жолугушту

Шентоп Ирандын борбор шаары Тегеранда Ирандын  8 -  президенти Ибрахим Реиси менен жолугушту.

1686293
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп Иранда Реиси менен жолугушту

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Ирандын борбор шаары Тегеранда Ирандын  8 -  президенти Ибрахим Реиси менен жолугушту.

Жолугушууга Адилеттик жана Өнүгү партиясынын төрага орун басары Нуман Куртулмуш, Түркия  -  Иран Достук группасынын төрагасы жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Ван депутаты Осман Нури Гүлачар менен Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Кутахя депутаты Исхак Газел да катышты.

Мустафа Шентоп Ирандын  8 -  президенти Ибрахим Реиси менен жолугушкандан кийин түрк басма сөз кызматкрелерине берген маалыматта : «Урматтуу президентибиз Р. Т. Эрдогандын саламын билдирдик. Реисинин президенттиги Иран элине ийгилик алып келет деп үмүттөнөбүз жана ага кызматында ийгилик каалайбыз»,- деп билдирди.  

Шентоп өзгөчө Түркия  -  Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташуу кеңешинин келечектеги жыйынынын эки өлкө ортосундагы кызматташуусун алдыга жылдыруу жолунда таасирдүү кадам болушун каалады.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Куртулмуш да  президент Эрдоган жана Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын билдирүүсүн Реисиге билдиргендерин айтып : «Түркия менен Иран карым  - катнаштарынын жаңы мезгилде дагы да арттылышын  каалаганыбызды билдирдик. Түркия  - Иран экономикалык карым  - катнаштарынын эки өлкө үчүн өсүшүнүн пайдалуу болорун баса белгиледик»,- деди.

Реиси да жолугушууда Иран менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштардын коңшулук карым  - катнаштарынан да башка экендигин белгилеп : «Жалпы ишенимдер эки өлкөнүн калкын бири бирине абдан жакындатты. Ирандын жаңы тышкы саясаты дос жана боордош Түркия менен карым  - катнаштардын кеңейтилиши. Тегеран жана Анкара карым  - катнаштарды бардык тармакта алдыга жылдыруу үчүн бир топ ылайыктуу потенциалга ээ. Карым  - катнаштардын деңгээлин көтөрүү, эки өлкө ортосундагы кызматташууну аймактык жана эл аралык тармакта дагы таасирдүү түрдө алдыга жылдыра алат»,- деди.

Коңшулук саясатынын жаңы өкмөттүн алдыңкылыктарынын ортосунда болорун айткан Реиси : «Коңшулук саясатынын ийгилиги, Иран менен Түркиянын ортосундагы көп тараптуу карым  - катнаштардын тереңдешине жана өнүктүрүлүшүнө байланыштуу»,- деди.

Шентоп жана коштоосундагы делегация Реисинин президенттик ант берүү аземине катышуу үчүн Иранга барды.



Тектеш кабарлар