Түркияга өлкө тышынан келген колдоолор улантылууда

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров президент Режеп Таййип Эрдоганга токой өрттөрүндө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

1684027
Түркияга өлкө тышынан келген колдоолор улантылууда

Түркиянын ар кайсы аймактарындагы токой өрттөрү үчүн чет өлкөдөн көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүлөрү келүүнү улантууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров президент Режеп Таййип Эрдоганга токой өрттөрүндө каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Жапаров билдирүүсүндө : "Түркиянын көптөгөн провинцияларында чыккан өрттүн кесепетинен адамдардын каза болушу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул оор мезгилде Түркия элине кайраттуулук каалайм",- деди. Жапаров жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан өрттөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетишин каалады.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде да твиттер эсебинен берген көңүл айтуу жана тилектештик билдирүүсүндө : «Түркияда болуп жаткан токой өрттөрүндө каза болгондор үчүн көңүл айтамын. Тилектештигибиз жана ойлорубуз Түркия калкы жана өрт менен күрөшүп жаткан өрт өчүргүчтөр менен бирге»,- деди.

Европа Биримдиги Комиссиясы Түркияда өрткө каршы күрөшүү үчүн 3 өрт өчүрүүчү учак жөнөтүлөрүн билдирди.

Европа Биримдигинин кризисти башкаруудан жооптуу комиссары Жанез Ленарчич Европа Биримдигинин бул оор мезгилде Түркия менен толук тилектештигин белгилеп: "Биз дагы жардам көрсөтүүгө даярбыз", - деди.

Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Санинин көрсөтмөсү менен Катар ички коопсуздук күчтөрүнө караштуу Эл аралык издөө – куткаруу тобунан бир группа да Түркияга карай жолго чыкты.

Группа токой өрттөрүндө жоголгондорду издөө жана куткаруу иштерине катышат.



Тектеш кабарлар