Эрдоган Грузия жана Эфиопиянын премьер - министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эрдоган  -  Гарибашвили сүйлөшүүсүндө Түркия  -  Грузия карым  - катнаштары менен аймактык маселелер талкууланды.

1683934
Эрдоган Грузия жана Эфиопиянын премьер  - министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Президент Р. Т. Эрдоган Грузиянын премьер  - министри Иракли Гарибашвили жана Эфиопиянын премьер  - министри Абий Ахмед менен өз  -  өзүнчө телефондо сүйлөштү. Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда  Эрдоган  -  Гарибашвили сүйлөшүүсүндө Түркия  -  Грузия карым  - катнаштары менен аймактык маселелер талкууланды.

Президент Эрдоган Түркияга токой өрттөрүнөн улам көңүл айткан жана өрт менен күрөшүүдө колдоосун билдирген Грузиянын премьер  - министри Гарибашвилиге ыракмат айтты.

Түркия  - Грузия стратегиялык өнөктөштүгүнүн ушундай күндөрдө дагы маанилүү болгондугун белгилеген Эрдоган Грузияны аймактык кызматташуунун ачкычы катары көргөндөрүн белгиледи.

Президент Эрдоган, айрыкча аймактык транспорттук жана энергия берүү линияларынын натыйжалуулугу жана коопсуздугу жагынан бирге иш-аракет кылуунун зарыл экенин баса белгилеп, министрлер жана депутаттар ийгиликтүү ишке ашырган Түркия-Грузия-Азербайжан үч тараптуу механизмин жандандырууну каалашкандарын айтты.

Президент Эрдоган Эфиопиянын премьер -министри Ахмед менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Түркия - Эфиопия карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралды.

Эрдоган Эфиопиянын тынчтык жана туруктуулугуна чоң маани беришкендерин белгилеп, Түркиянын Эфиопияга бардык жардамды берүүнү улантарын айтты.



Тектеш кабарлар