Азербайжандан өрт өчүрүү боюнча бир группа Түркияга келди

Азербайжандан келген 220 кызматкерди Артвин токой чарбасынын аймактык директору Мимар Синан Өзкая жана провинциянын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Мехмет Салих Авжы тосуп алышты.

1683763
Азербайжандан өрт өчүрүү боюнча бир группа  Түркияга келди

Түркиянын түрдүү жерлеринде чыккан токой өрттөрү менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Азербайжандан бир группа өлкөгө келди.

Түркия менен Грузиянын чек арасындагы Сарп чек ара капкасынан 53 унаа алардын ичинен 41ри өрт өчүргүч унаалар менен келген 220 кызматкерди Артвин токой чарбасынын аймактык директору Мимар Синан Өзкая жана провинциянын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Мехмет Салих Авжы тосуп алышты.

Сарп чек ара капкасына келген айрым жарандар өрт өчүрүү иштерине катыша турган команданы Түркия жана Азербайжан желектери менен тосуп алышты.

Конвой менен Хопа районуна келген команда Артвин облустук апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан тамак - аш менен камсыздалды жана унааларга май куюп бүткөндөн кийин команда өрт чыккан жерге барды.

Топтун жооптуусу полковник Назар Багышов журналисттерге берген маалыматында Түркияда болуп жаткан өрттөр менен күрөшүү үчүн келишкендерин айтты. Өрт болгон аймкка баруу үчүн жолун улантышарын белгилеген Багышов  : «Биз өрттөрдүн өчүрүлүшү үчүн жардам берүүгө даярбыз. Бардык керектүү каражаттарыбызды алдык. Тажрыйбалуу кесиптештерибиз менен өрттөрдүн өчүрүлүшү үчүн чакырылдык.  Биз боордош Түркиябыздын жанындабыз. Ар дайым бардык жерде Түркиянын жанында болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар