Жалпы өлкөдө 111 өрт көзөмөлгө алынды

Бул тууралуу айыл  - чарба жана токой чарбаса министри Бекир Пакдемирли твиттерден маалымат берди.

1683651
Жалпы өлкөдө 111 өрт көзөмөлгө алынды

Жалпы Түркияда 111 өрт көзөмөлгө алынып, 3 облуста 6 өрттү өчүрүү иштери улантылууда.

Айыл  - чарба жана токой чарбаса министри Бекир Пакдемирли твиттерден бул тууралуу маалымат берди.

Жалпы өлкөдө 28 -  июнь жана 1 -  августта чыккан өрттөр жана бул тууралуу жүрүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтарды берген Пакдемирли : «Азыркы учурда өрттөрдү өчүрүү үчүн 13 учак, 9 учкучсуз аба аппараты, 45 тик учар, 1 учкучсуз тик учар, 708 суу чачыратуучу жана суу танкери, 120 курулуш техникасы жана болжол менен 4800 кызматкер өрттү өчүрүүдө»,- деди.  

Пакдемирлинин маалыматында 111 өрттүн көзөмөлгө алынгандыгы, Антальяда 2, Муглада 3 жана Тунжелиде 1  жердеги өрттү өчүрүү иштеринин улантылып жаткандыгына орун берилди.



Тектеш кабарлар