Түркия Грецияга нота берди

Кечээ Эдирнеде Түркия убактысы боюнча саат 19:20 чамаларында Греция тарабынан жарандык кийимчен киши же кишилер тарабынан ок атылып бир түрк жараны каза болду.

1683614
Түркия Грецияга нота берди

Чек арадагы шаар Эдирнеде бир түрк жаранынын Греция тарабынан атылган октун айынан каза болушу менен Грецияга нота берилди.

Кечээ Эдирнеде Түркия убактысы боюнча саат 19:20 чамаларында Греция тарабынан жарандык кийимчен киши же кишилер тарабынан ок атылып бир түрк жараны каза болду.

Тышкы иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматтарга караганда Грециянын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү министрликке чакырылып нота берилди.

Ишенимдүү өкүлгө нааразычылык билдирилген бул окуя териштирилип, жыйынтыгы тууралуу маалыматтын берилиши, канкорлордун кармалып жаразандырылышы, дагы бир жолу кайталануусуна жол бербөө үчүн чаралардын көрүлүшү талап кылынгандыгы билдирилди.

Министрлик жабырлануучулардын жана алардын үй - бүлөлөрүнүн компенсация алуу укугу корголгонун билдирди.



Тектеш кабарлар