Президент Эрдоган өрттөр тууралуу билдирди

Токой өрттөрү боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

1682995
Президент Эрдоган өрттөр тууралуу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган кээ бир провинциялардагы токой өрттөрү боюнча иликтөөлөрдүн  уланып жаткандыгын айтты.

Стамбулда жума намазынан кийин билдирүү жасаган Эрдоган: «Бир учурда өлкөбүздүн түрдүү жерлеринде чыккан өрттөр тууралуу териштирүү жүргүзүлүүдө. Бул жерде кандай кол салуу болуп жатат, мындай нерселер барбы, жокпу баары изилденүүдө»,- деди.

Өрт өчүрүү иштери үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдүн колдонулгандыгын айткан Эрдоган : «Бүгүндөн тарта учак саны 5 – 6га жетти. Бул учактардын арасында Россиядан, Украинадан алган учактар да бар. Азербайжан да бир учак жиберет. Учкучсуз аба аппараттарыбыз менен да аймактын абалын изилдеп жатабыз. 1140 пунктта токой өрттөрү менен күрөшүүдөбүз. Тилекке каршы 28 – 30 -  июлда 71 токой өртү чыкты. 57си көзөмөлгө алынды, 14 өрттү көзөмөлгө алуу аракети улантылууда»,- деди.

Президент токой өрттөрүнөн таасирленген эч бир жаранды жалгыз калтырбай тургандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө Ковид  - 19  менен күрөшүүгө да токтолуп, ушул күнгө чейин 72 миллион дозага жакын вакцинанын берилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар