Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операциясы
Операцияда террордук уюмдан 40 бутасы жардырылды.
1682844
Ирактын түндүгүндө жүргүзүлүп жаткан аба операциясында ПКК террордук уюмуна таандык 40 бута жардырылды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПККга каршы жүргүзгөн операциялары улантылууда.
Кечээ Ирактын түндүгүндөгү Кандил, Гара, Хакрук, Зап аймактарындагы жана террористтер колдонгон буталарга абадан операция жүргүзүлдү.
Террористтерге таандык баш калклоочу жерлер менен ок - дары сактаган кампалар, штабдары менен үңкүрлөрдөн турган 40ка жакын бута жардырылды.
Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында : «Асыл улутубуздун боорунан чыккан түрк куралдуу күчтөрү өлкөбүздүн жана улутубуздун коопсуздугу үчүн террор менен күрөшүүнү акыркы террорист жок кылынганга чейин улантат»,- деп билдирилди.